Индиядагы дарыгерлер коронавирустан дарылайт деген ишеним менен уйдун кыгы пайдаланылып жатканына тынчсызданып жатышат.Медиктер бул жолго барган адамдар башка жугуштуу ооруларга кабылуу коркунучу бар экенин эскертүүдө. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты. Аларга шилтеме берүү менен дүйнөлүк басылмалар жазышууда.Индиянын батышындагы Гуджарат штатындагы айрым жарандар уйлар багылган жайга жумасына бир ирет барып, уйдун заңын бүт денесине ...