Чын эле, абал толугу менен турукташты деп, жай турмушка өтүп алууга эртерээк окшоцт.
Сооронбай Жээнбеков: Коронавирус боюнча кырдаал турукташты деп баа берүү азырынча эрте

«Бүгүнкү кырдаалды адистер, „абал турукташа баштады, ооруканаларга, стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда“ деп маалымат берип жатышат. Бул албетте, жакшы жышаан. Бирок, мындай шашылыш баа берүүгө дагы эрте», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.